Кыргыз Республикасынын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев Айыл чарба жана азык-түлүк уюмунун (ФАО) жыл сайын 11-декабрда өтүүчү БУУнун «Тоолордун эл аралык күнүнө арналган «Туруктуу тоо туризми» онлайн иш-чарасына катышты

2021-жылдын 10-декабрында Кыргыз Республикасынын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев Айыл чарба жана азык-түлүк уюмунун (ФАО) жыл сайын 11-декабрда өтүүчү БУУнун «Тоолордун эл аралык күнүнө арналган «Туруктуу тоо туризми» онлайн иш-чарасына катышты

Иш-чарага ФАОнун башкы директору Цюй Дюнъюй, Туризм боюнча бүткүл дүйнөлүк уюмунун башкы катчысы Зураб Пололикашвили, Андорранын тышкы иштер министри Мария Убач, Швейцариянын парламентинин депутаты Кристина Буйяр-Марбах жана тоо кызматташтыгынын күн тартиби менен алектенген башка жогорку даражалуу коноктор катышты.

Т.Базарбаев өз сөзүндө Тоолордун эл аралык күнү Кыргызстандын демилгеси менен 2002-жылы БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан жарыяланып, ошондон бери жыл сайын жогорку деңгээлде белгиленип келе жатканын баса белгиледи. Кыргыз Республикасынын элчиси кыргыз тарабынын  тоо күн тартибин илгерилетүү, Кыргызстанда тоо туризмин өнүктүрүү боюнча жүргүзүп жаткан иштер жөнүндө айтып берди.

Элчи Т.Базарбаев БУУнун Башкы ассамблеясынын 75-сессиясында “Жаратылыш чек араны билбейт” резолюциясын жана ЮНЕСКОнун Башкы  конференциясынын 41-сессиясында “Тоо мөңгүлөрүнө мониторингди жана изилдөөнү күчөтүү” резолюциясын кабыл алуу боюнча Кыргызстан тарабынан ийгиликтүү кампаниялар жүргүзүлүп жатканын белгиледи, ошондой эле  2022-жылды “Туруктуу тоолорду өнүктүрүүнүн эл аралык жылы” деп жарыялоо боюнча БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясын кабыл алуу боюнча Кыргыз Республикасынын демилгесине өзгөчө көңүл бурду. Бул документ жакынкы апталарда БУУнун Башкы Ассамблеясында каралаарын эске алып, Т.Базарбаев өнөктөштөрүн аны колдоого жана авторлоштордун тизмесине кошулууга чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK