Кыргызстандын Россиядагы Элчилигинин консулдук бөлүмүнүн кызматкерлери Москва шаарындагы Павелецкий, Казанский, Курский, Ярославский, Ленинград вокзалдарында барышты

2022-жылдын 24-25-январында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин консулдук бөлүмүнүн кызматкерлери оор турмуштук кырдаалга туш болгон Кыргыз Республикасынын жарандарына консулдук жана юридикалык жардам көрсөтүү максатында Москва шаарындагы Павелецкий, Казанский, Курский, Ярославский, Ленинград вокзалдарында барышты.

Казанский жана Павелецкий вокзалдарында туруктуу жашаган жери жок 8 Кыргыз Республикасынын жараны аныкталды.

Төрт мекендешибиз консулдук жардамдан баш тартышкан.

Кыргыз Республикасынын эки жаранына мекенине кайтуу тууралуу күбөлүк таризделип, кыргыз диаспора уюмдарынын жардамы менен Кыргызстанга кетүүгө авиабилет сатып алынды.

Бир жаранга паспорт алууга жардам көрсөтүлүүдө,  кийин ишке орношуу боюнча да жардам берилет.

Мындай иш-чаралар Элчиликтин бекитилген графигине ылайык, Россия Федерациясынын аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун алкагында туруктуу негизде өткөрүлүп турат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK