Стамбул шаарында бетинен жана мойнунан жарат алган кыргыз жараны тууралуу КР ТИМинин маалыматтык билдирүүсү

2022-жылдын 17-январында Стамбул шаарынын Умрание районундагы мейманканалардын биринде чыккан чыр-чатактан улам “Т.П.Н.” аттуу кыргыз жараны бетинен жана мойнунан жарат алган. Бул окуя боюнча, жергиликтүү ыкчам-иликтөө органдары тарабынан 1981-жылы туулган “К.Т.” аттуу түрк жараны кармалган.

Азыркы учурда тиешелүү иликтөө иштери жүргүзүлүп, сот тарабынан шектелген түрк жараны “К.Т.”га Туркиядан чыгууга убактылуу тыюу салынып, үй камагына алынды.

Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу жагдайды көзөмөлгө алып, кыргыз жаранынын кызыкчылыгын коргоо үчүн Стамбул шаарынын тийиштүү органдары жана сот өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, иш-чараларды өткөрүүдө.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK