Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Өзбекстан Республикасынын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов менен жолугушуусу болуп өттү

2022-жылдын 11-мартында Анталья шаарындагы Экинчи «Анталья дипломатиялык форумуна» катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Өзбекстан Республикасынын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-өзбек кызматташтыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелерин, эки тараптуу жана көп тараптуу форматтагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары бекемдөө жолдорун талкуулашты.

Алдыда боло турган бийик жана жогорку деңгээлдеги тышкы саясий иш-чараларды уюштурууга өзгөчө көңүл бурулду.

Чек ара жана аймактар аралык кызматташтыкты активдештирүү жаатында тараптар Кыргыз Республикасынын Президентинин чек арага чектеш облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстан Республикасынын чек арага чектеш облустарынын хокимдеринин кеңешинин кезектеги жыйынын жакын арада Кыргызстанда өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Тараптар ошондой эле соода жүгүртүүнүн мындан аркы динамикалык өсүшү жана анын көлөмүн 2 (эки) миллиард АКШ долларына жеткирүү үчүн соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу жаатында биргелешкен ишти улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Бул контекстте Р.Казакбаев Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашуунун күчүнө киргендигин жана ал иш жүзүндө ишке кирише баштагандыгын белгилеп, бул Фонддун ишин активдештирүүнү, анын ичинде Кызыл-Кыя шаарында чек ара соодасы үчүн соода-логистикалык борборду жана «Иркештам-Дараот-Коргон-Үч-Коргон» автожолун куруу долбоорлорун ишке ашыруу жолу менен активдештирүүнү сунуштады. Өзбекстандан Кыргызстанга электроэнергиясын жеткирүү боюнча тараптардын активдүү өз ара аракеттенүүсүнүн динамикасы белгиленди.

Мындан тышкары, тараптар учурдагы эл аралык жана аймактык күн тартиби боюнча пикир алмашышты. Украинанын айланасындагы кырдаалга токтолуп, тараптар саясий-дипломатиялык жолдор менен жаңжалды жөнгө салуу максатында тез арада деэскалациялоо, согуш аракеттерин токтотуу жана сүйлөшүүлөргө кайтуу зарылдыгы боюнча бир пикирде болушту. 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK