Кыргызстандын Казакстандагы Элчиси Дастан Дюшекеев Марокконун Нур-Султан шаарында жайгашкан Кыргызстандагы кайрадан дайындалган Элчиси Мохаммед Рашид Маанину менен жолугушту

Үстүбүздөгү жылдын 11-мартында Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Дастан Дюшекеев Марокко Королдугунун Нур-Султан шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасындагы кайрадан дайындалган Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мохаммед Рашид Маанину менен жолугушту.

Жолугушууда эки өлкөнүн элчилери Кыргызстан менен Марокконун ортосундагы түрдүү тармактарда кызматташуунун келечегин талкуулап, айыл чарба жана энергетика тармагындагы олуттуу потенциалды белгилешти.

Атап айтканда, Элчи Мохаммед Рашид Маанину Кыргызстанда үрөнчүлүктү, жер семирткичтерди өнүктүрүү жана тамчылатып сугаруу технологиялары боюнча тажрыйба алмашууга даяр экенин билдирди.

Мындан тышкары, Элчи Дастан Дюшекеев Мохаммед Рашид Маанинуга Кыргызстанда электр энергиясын өндүрүү тармагында жашыл технологияларды өнүктүрүүгө басым жасалып жатканын, орто жана кичи ГЭСтерди ишке ашыруу жигердүү жүрүп жатканын белгилеп кетти. Өз кезегинде Элчи М.Маанину алардын Марокко өлкөсү жашыл технологияларды колдонууга өткөнүн билдирип, буга байланыштуу бул багытта тажрыйба алмашууга даяр экенин белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар дипломатиялык миссиялардын деңгээлинде тиешелүү жумушчу байланыштарды улантууну макулдашып, маданий-гуманитардык чөйрөдө тыгыз кызматташууну талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK