Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунунун Башкы катчысы Хельга Мария Шмид менен жолугушуусу болуп өттү

2022-жылдын 11-мартында Анталья шаарында Дипломатиялык форумдун алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунунун Башкы катчысы Хельга Мария Шмид менен жолугушуусу болуп өттү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар саясаттын жана коопсуздуктун актуалдуу маселелери, анын ичинде Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча пикир алмашышты.

Министр Казакбаев маектешине Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров тарабынан айтылган кыргыз тараптын калыс позициясы жана тараптарды чыр-чатакты дипломатиялык ыкмалар менен гана чечүү үчүн сүйлөшүү столуна отурууга чакырыгы тууралуу маалымат берди. Буга байланыштуу Министр Кыргыз Республикасы Россия менен Украинанын ортосунда жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча сүйлөшүү процессинин башталышын колдой турганын жана 10-мартта эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин башчыларынын жолугушуунун алкагында жолугушуусун кубаттай турганын баса белгиледи. Ал ошондой эле зарыл болгон учурда кыргыз тарап өз аянтчасын берүүгө жана тынчтыкты жана өз ара түшүнүшүүнү орнотуу үчүн зарыл болгон ортомчулук жардамды көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Кыргыз тарап мындан ары адам курмандыктарына жол бербөөнүн маанилүүлүгүн жана натыйжалуу диалог үчүн жаңы форматтарды табуунун зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы ЕККУнун катчылыгы тарабынан Украинадагы Атайын мониторинг жүргүзүүчү миссиясынын кызматкерлерин (СММУ), анын ичяинде Кыргыз Республикасынын жарандарын коопсуз убактылуу эвакуациялоону камсыз кылуу  боюнча уюштурулган ишин жогору баалады.

Башкы катчы Шмид мониторинг тобунун ишинин маанилүүлүгүн белгилеп, кыргыз тарапка СММУнун ишине кошкон салымы жана байкоочуларын жибергендиги үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле Украина кризисинин алкагында ЕККУнун учурдагы жана келечектеги ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди. Гуманитардык жардам, мүмкүн болгон мониторинг жүргүзүү боюнча ишмердүүлүк  жана тынчтыкты орнотуу жөнүндө сөз болууда.

Башкы катчы Х.Шмид Кыргыз Республикасынын жаңжалды жөнгө салуу боюнча сунушун кубаттап, ЕККУнун Бишкектеги Академиясынын колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Уюмга мүчө-мамлекеттердин анын негизинде турган негиз болуучу принциптерди жана милдеттенмелерди сактоо зарылдыгын белгиледи.

Эки тараптуу күн тартибине байланыштуу тараптар Кыргыз Республикасы менен ЕККУнун ортосундагы кызматташтыктын абалын жана келечегин, ошондой эле 2022-жылдын май айына пландаштырылган “Борбордук Азия менен ЕККУнун кызматташуусуна 30 жыл” аттуу жогорку деңгээлдеги кеңешмесине даярдыктарды талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK