Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев резиденциясы Нур-Султан шаарында жайгашкан Италия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Марко Альбертини кабыл алды

2022-жылдын 15-мартында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровго Ишеним грамотасын тапшырганга байланыштуу Кыргызстанга жасаган иш сапарынын алкагында резиденциясы Нур-Султан шаарында жайгашкан Италия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Марко Альбертини кабыл алды.

А.Молдогазиев Марко Альбертини кызматка расмий киришүүсү менен куттуктап, Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы көп тармактуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого багытталган Элчинин жигердүү ишине ишенимин билдирди.

Дипломаттар Кыргыз Республикасынын жана Италия Республикасынын тышкы иштер ведомстволорунун жетекчилеринин жолугушууларынын жыйынтыгы боюнча мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга негизги көңүлдү бурушту.

Тараптар алдыдагы жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги сапарлардын графигин, ошондой эле өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү талкуулашты.

Мамлекеттер ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты активдештирүү максатында өлкөнүн презентациясын өткөрүү маселелери өзүнчө талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу ишенимдүү мамилелерди чыңдоого даяр экендиктерин ырасташты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK