Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Канцлеринин Аппаратынын Эл аралык департаментинин директорунун орун басары, Тышкы саясат жана коопсуздук тобунун жетекчиси Кристиан Аульбах менен жолугушту

2022-жылдын 29-мартында Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Канцлеринин Аппаратынын Эл аралык департаментинин директорунун орун басары, Тышкы саясат жана коопсуздук тобунун жетекчиси Кристиан Аульбах менен жолугушту.

Министр Р.Казакбаев Германия Кыргызстандын Европа Биримдигиндеги өлкөнүн демократиялык өнүгүүсүнө чоң салым кошкон артыкчылыктуу өнөктөштөрүнүн бири экенин баса белгиледи.

Эки өлкөнүн жаңы жетекчилиги астында кыргыз-германия кызматташтыгын өнүктүрүүгө тараптар өз ара кызыкдар экени белгиленди. Кыргыз-германия мамилелерин жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн тиешелүү документтерге кол коюунун маанилүүлүгү баса белгиленди.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан Кыргызстандагы инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды эске алуу менен инвестициялык кызматташууну күчөтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Бул багытта аймактар аралык транспорттук-логистикалык долбоорлорду кароо зарылдыгы белгиленди.

Кыргыз-Германия ишкерлер кеңешинин түзүлүшү оң жагына белгиленип, анын кыргыз бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жетектеди.

Келечектүү багыт катары энергиянын кайра жаралуучу булактарына өтүү боюнча практикалык өз ара аракеттенүүнү күчөтүү мүмкүнчүлүгү белгиленди.

Афганистандагы, Украинадагы кырдаалдын, ошондой эле COVID-19 пандемиясынын Борбордук Азияга тийгизген таасиринин контекстинде Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча Федералдык министрлиги аркылуу мурда көп тараптуу форматка өткөрүлгөн Кыргызстандагы финансылык-техникалык долбоорлорду ишке ашырууну калыбына келтирүү маселелери каралды.

Өлкө жетекчилиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик органдардын, билим берүү жана медицина тармактарынын эффективдүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле коррупцияны жоюуга жана «Berlin Economics консалтинг» компаниясынын Борбордук Азиядагы ишмердигинин мисалында демократиялык институттарды чыңдоого багытталган реформаларга эксперттик-консультациялык колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Тараптар ошондой эле Германияга барууну көздөгөн Кыргызстандын жарандары үчүн виза режимин жеңилдетүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Украинадагы кырдаалды кароодо Кыргыз Республикасы БУУнун Уставында жана башка документтерде бекитилген жалпы таанылган эл аралык укук нормаларын жана принциптерин сактоону, анын ичинде мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн жана чыр-чатактарды тынчтык жолу менен жөнгө салууну жактай тургандыгы баса белгиленди. Коопсуздуктун бөлүнбөстүк принцибин сактоонун маанилүүлүгү да белгиленди.

Министр Р.Казакбаев ар кандай чыр-чатакты саясий-дипломатиялык жол менен гана сүйлөшүүлөр аркылуу чечүүнүн маанилүүлүгүн жана бардык кызыкдар тараптар кырдаалды жөнгө салуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү, анын ичинде, эгерде учурдагы форматтар натыйжалуулугун жоготсо, жаңы форматтарды жана механизмдерди түзүү аркылуу издөөсү керектигин дагы бир жолу баса белгиледи.

Россия менен Украинанын өкүлдөрүнүн ортосунда жүрүп жаткан сүйлөшүүлөр, куралдуу кагылышууну токтотууга жана тынчтыкка жетишүүгө багытталган өлкөлөрдүн ортомчулук аракеттери жана демилгелери, анын ичинде Германиянын, Франциянын жана Түркиянын саясий жетекчилигинин иш-аракеттери оң маанайда белгиленди. Министр Р.Казакбаев кыргыз тараптын аянтча түзүүгө жана зарыл болгон учурда жардам көрсөтүүгө даяр экенин ырастады.

Министр Р.Казакбаев Германияда иш сапары менен жүрөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK