Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Ахмет Садык Доганды кабыл алды

2022-жылдын 19-апрелинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ахмет Садык Доганды кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк стратегиялык кызматташтыгынын учурдагы күн тартибин талкуулап, бардык деңгээлдеги кыргыз-түрк саясий диалогунун учурдагы жогорку деңгээлин белгилешти, жакынкы келечекте өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттарын белгилешип, алдыдагы иш-чаралардын жана пландаштырылган бийик жана жогорку деңгээлдеги иш сапарлардын графигин карап чыгышты.

Министр Р.Казакбаев эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, соода жүгүртүү көлөмүн көбөйтүүгө, долбоорлорду ишке ашырууга, эки өлкөнү кызыктырган инвестициялык фондду түзүү жана кыргыз-түрк өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги Соода-экономикалык кызматташтык боюнча комиссиясынын (IGC) жыйынын өткөрүү маселесине маектешинин көңүлүн бурду.

Мындан тышкары, министр Р.Казакбаев Түрк мамлекеттер уюмунун жана Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясында (ТүркПА) кызматташтыкты өнүктүрүү алкагында Тараптардын ортосундагы тыгыз өз ара аракеттенүүнү улантууга маани берүү менен кыргыз тарап жүргүзүп жаткан иш-чаралардын маанилүүлүгүн белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK