Тышкы иштер министрлигинде министрдин орун басары Айбек Молдогазиевдин Беларусь Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Андрей Страчко менен жолугушуусу болуп өттү

2022-жылдын 20-апрелинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде министрдин орун басары Айбек Молдогазиевдин Беларусь Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Андрей Страчко менен жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, 2021-жылдын июнь айында өткөн ТИМдер аралык саясий консультациялардын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн, алдыдагы биргелешкен иш-чаралардын графигин, анын ичинде Кыргызстандын ЕАЭБ органдарындагы төрагалыгын эске алуу менен талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоонун, товар жүгүртүү көлөмүн көбөйтүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди. Өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын 10-отурумун Кыргызстанда уюштуруу, эки тараптуу бизнес-форумду өткөрүү, аймактык кызматташтыкты илгерилетүү маселелери каралды.

Келерки жылы боло турган дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын белгилөө боюнча пикир алмашуу болду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK