Казань шаарында "Россия-Ислам дүйнөсү. KazanSummit-2022" эл аралык экономикалык саммитинин аянтында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Г.-К.Саматтын Россия Федерациясынан Ислам Кызматташтык Уюмунун астындагы Туруктуу Өкүлү, «Түндүк-Түштүк» эл аралык интеграциялык клубунун төрагасы Р.Г. Абдулатипов менен жолугушуусу болуп өттү.

Ушул жылдын 19-майында Казань шаарында "Россия-Ислам дүйнөсү. KazanSummit -2022" эл аралык экономикалык саммитинин аянтында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Г.-К.Саматтын Россия Федерациясынан Ислам Кызматташтык Уюмунун астындагы Туруктуу Өкүлү, «Түндүк-Түштүк» эл аралык интеграциялык клубунун төрагасы Р.Г. Абдулатипов менен жолугушуусу болуп өттү. 

Жолугушууда маектеш Элчиге ал жетектеп жаткан, «Түндүк-Түштүк» маанилүү транспорт коридорун илгерилетүү менен алектенген, ошондой эле Каспий регионундагы мамлекеттердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө багытталган эл аралык долбоор тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде Г.-К.Самат Р.Г.Абдулатиповду бул логистикалык долбоорду Борбордук Азия регионунун транспорттук коридорлору менен байланыштыруу үчүн эксперттик анализ даярдоо максатында кызматташуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK