КРнын ТИМнин Төртүнчү саясий департаментинин директору А.Атахановдун Сауд Араб Падышалыгынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрахим бин Аль-Ради менен жолугушуусу болуп өттү

2022-жылдын 31-майында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Төртүнчү саясий департаментинин директору Авазбек Атахановдун Сауд Араб Падышалыгынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрахим бин Аль-Ради менен жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар кыргыз-сауд кызматташуу маселелеринин кеңири спектрин, атап айтканда ар кандай деңгээлдеги өз ара иш сапарларды уюштуруу, кезектеги Кыргыз-Сауд бизнес форумун жана Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын отурумун өткөрүү, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүү маселелерин талкуулашты

Келишимдик-укуктук базаны өнүктүрүү максатында тараптар эки тараптуу документтердин долбоорлорун макулдашуу процессин тездетүү жана пландаштырылган визиттердин жана жолугушуулардын жүрүшүндө аларды кол коюуга даярдоо тууралуу макулдашышты.

Туризм секторун өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанда жүрүү шарттарын жакшыртуу жана Кыргыз Республикасына жана Сауд Араб Падышалыгына кирүү үчүн виза талаптарын жөнөкөйлөштүрүү маселелери талкууланды.

Жыйынтыгында, тараптар эки тараптуу байланыштарды бекемдөө үчүн зарыл болгон аракеттерди жасоого даяр экендигин жана туруктуу байланышты сактоого ниеттерин ырасташты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK