Министр Ж.М.Кулубаев Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын Балалык» балдар реабилитациялык борборунун ачылышына катышты

Бүгүн, 1-июнда, 1950-жылдан бери дүйнө жүзү боюнча белгиленүүчү Балдарды коргоо эл аралык күнүндө Ысык-Көлдүн жээгинде, Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров «Алтын балалык» балдарды реабилитациялоо борборун салтанаттуу ачты.
Үч кабаттан турган жана 10 блокко бөлүнгөн балдардын реабилитациялык борбору ар 10 күн сайын 250 баланы кабыл алып турат. 
Комплекстин аймагында ата-энелер жана балдар үчүн дарылоо-реабилитациялоо, дарылоо-саламаттыкты чыңдоо бөлүмдөрү, клиникалык-диагностикалык лаборатория жана пансионат каралган.
Эхокардиограф менен жабдылган кардиохирургия борборун ишке киргизүү пландалууда. 
Бүгүндөн баштап реабилитациялык борбордо ар кайсы аймактардан, анын ичинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн балдар эс алып, дарылануусу каралууда.
Ачылыш аземине ошондой эле Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.М.Кулубаев катышты. 
Иш-чаранын катышуучулары бул комплекстин башкы аллеяларынын биринде жаш көчөттөрдү отургузушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK