Кыргызстандын делегациясынын Душанбедеги эл аралык суу конференциясына катышуусу

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова жетектеген КРнын Айыл чарба министрлигинин Суу чарба кызматынын жана КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өкүлдөрүнөн турган делегация Эл аралык иш-аракеттер он жылдыгына арналып, Душанбе шаарында өтүп жаткан “Суу туруктуу өнүгүү үчүн” аттуу жогорку деңгээлдеги экинчи эл аралык конференциясына катышууда.

Конференциянын алкагында КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өкүлү Талай Бозгунчиев Суу ресурстары жана тоолор форумунда баяндама жасап, өзүнүн сөзүндө суунун азаюусуна, ошондой эле Кыргызстанда гана эмес, бүтүндөй Борбордук Азия регионунда терс социалдык-экономикалык жана экологиялык кесепеттерге алып келүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн мөңгүлөрдүн эрип жатканына тынчсыздануусун билдирди.

Т.Бозгунчиев Кыргыз Республикасы салттуу энергия булактарын колдонууну акырындык менен кыскартуу менен ГЭСтерди куруу аркылуу мамлекеттин бүтүндөй суу-энергетикалык потенциалын пайдаланууга багыт алгандыгын баса белгиледи.

Конференциянын алкагында КРнын Тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова Европа Биримдигинин Айлана-чөйрө, океандар жана балык чарбасы боюнча Еврокомиссары Виргинюс Синкявичюс жетектеген делегациясы менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү, «жашыл» өнүгүү жана суу ресурстарын пайдалануу жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты. Тактап айтканда, Д.Кемелова жаратылыш кырсыктарын алдын ала эскертүү жана ири шаарлардагы абанын булганышын алдын алуу механизмдерин иштеп чыгууну, БУУнун алкагында Кыргыз Республикасынын тоо демилгелерин илгерилетүүгө жана Жалпы преференциялар системасы + (ЖПС+) макамы бар Кыргызстандын экспорттук потенциалын жогорулатууга көмөктөшүүнү сунуштады.

Ошондой эле Д.Кемелова маектешине «Жашыл Мурас» улуттук компаниясы, Кыргыз Республикасынын эл аралык экологиялык жана климаттык демилгелери, анын ичинде тоолорду туруктуу өнүктүрүү жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча маалымат берди.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын делегациясы «Суу ресурстарын комплекстүү башкарууну, суунун натыйжалуулугун жана баалуулугун илгерилетүү» панелдик сессиясына катышты. Бул сессияда сүйлөгөн сөзүндө КР Айыл чарба министрлигинин Суу чарба кызматынын директору Алмазбек Сокеев айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүүнүн жана суу ресурстарын башкаруу эсебинен айыл калкынын турмуш деңгээлин жогорулатуу максатында бардык кызыкдар эл аралык донорлорго кайрылып, ирригациялык инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүүнү өтүндү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK