Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарында КР Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев КР жана РФ жогорку окуу жайларынын ректорлорунун Экинчи форумунун салтанаттуу ачылышына катышты

2022-жылдын 8-июнунда Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун Экинчи форумунун салтанаттуу ачылышына катышты.

Иш-чара тогузунчу кыргыз-россия аймактар ​​аралык конференциясынын алкагында Россиянын эң ири университеттеринин бири – Россиянын биринчи Президенти Б.Н.Ельцин атындагы Урал федералдык университетинде өткөрүлдү.

Форумдун катышуучуларына арналган куттуктоо сөзүндө Н.Ниязалиев Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына тарыхый маани берип, өткөн мезгил ичинде тараптар кыргыз-россия мамлекеттер аралык мамилелерди куруу жана соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана аймактар ​​аралык маселелерди алдыга жылдыруу боюнча бир топ иштерди жасагандыгын баса белгиледи.

Н.Ниязалиев эки өлкөнүн алдыңкы университеттери кеңири өкүлчүлүк кылган Форумдун ишин жогору баалап, Кыргызстанда жана Россияда илимий-техникалык жана инновациялык жетишкендиктерге жетишүү үчүн катышуучулардын ортосунда ар тараптуу пикир алмашууга үмүттөнөрүн билдирди.

Сөзүнүн аягында Н.Ниязалиев россия тарабына бул иш-чараны уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, келе жаткан мамлекеттик майрам – Россия күнү менен куттуктады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK