Кыргызстандын резиденциясы Баку шаарында жайгашкан Грузиядагы Элчиси Кайрат Осмоналиев Грузиянын президенти Саломе Зурабишвилиге Ишеним грамотасын тапшырды

2022-жылдын 20-июнунда Тбилиси шаарында президенттик резиденцияда Кыргыз Республикасынын Грузиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кайрат Осмоналиевдин Грузиянын Президенти Саломе Зурабишвилиге Ишеним грамотасын тапшыруу аземи болуп өттү.

Элчи Кайрат Осмоналиев ишеним грамотасын тапшыруу менен Кыргызстандын эли Грузиянын элине болгон достук сезимдерин жана терең урмат-сыйларын баалай турганын белгилеп, эки тараптуу мамилелерди мындан ары да чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Элчи ошондой эле быйыл биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын (1992-жылдын 10-сентябры) жана Достук жана кызматташуу Келишиминин 25 жылдыгын (1997-жылдын 22-апрели) белгилеп жатканыбызды белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK