КР Тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова Москвада ДСУнун жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу боюнча Европа кеңсесинин жетекчисинин м.а. Кремлин Викрамасинхе менен жолугушту

2022-жылы 23-июнда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелованын Москвада Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) жугуштуу эмес оорулардын (ЖЭО) алдын алуу боюнча Европа кеңсесинин жетекчисинин милдетин аткаруучу Кремлин Викрамасинхе менен жолугушуусу болуп өттү.

Кыргызстан менен ДСУнун өкүлүнүн ортосундагы жугуштуу эмес оорулар, ден соолукту чыңдоо, ошондой эле COVID-19 пандемиясына каршы профилактикалык чараларды колдонуу жаатындагы долбоордук иш-чараларды ишке ашыруу боюнча кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Д.Кемелова ДССУнун ЖЭО боюнча кеңсесинин ишке ашырылып жаткан долбоорлорунун алкагында Россия Федерациясында оор оорулар менен, анын ичинде онкологиялык оорулар менен ооруган балдарды дарылоо үчүн Кыргызстанга жыл сайын квота берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылды. Ал белгилегендей, Кыргыз Республикасында ДСУнун Кыргызстанда долбоордук ишмердүүлүгүн кеңейтүү, медициналык мекемелердин потенциалын чыңдоо, дарыгерлердин квалификациясын жогорулатуу жана медициналык мекемелерди жабдуу зарылдыгын белгиледи.

Жыйынтыгында тараптар мындан ары жемиштүү кызматташууну улантууга даярдыгын тастыкташты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK