Кыргызстандын Италиядагы Элчиси Т.Базарбаев Италиянын футбол федерациясынын президенти Г.Гравина жана федерациянын эл аралык байланыштар боюнча кеңсесинин жетекчиси Д.Филаккионе менен жолугушту

2022-жылы 6-июлда Кыргызстандын Италиядагы Элчиси Т.Базарбаев Италиянын футбол федерациясынын президенти Г.Гравина жана федерациянын эл аралык байланыштар боюнча кеңсесинин жетекчиси Д.Филаккионе менен жолугушту.

Жолугушууда элчи Т.Базарбаев Кыргызстандын футбол союзунун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, дүйнөлүк футболдун өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошкон Италиянын футбол федерациясы менен кызматташуу боюнча өзүнүн көз карашын билдирди.

Элчи Т.Базарбаев Италиянын футбол федерациясынын жана Кыргызстандын футбол союзунун жетекчилеринин иш сапарларын уюштуруу аркылуу эки өлкөнүн кызматташтыгын кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн белгилеп, Г.Гравинге Кыргыз футбол союзу менен Кыргызстандын футбол союзунун жана Италиянын Футбол федерациясы ортосундагы кызматташуу жөнүндө, анын ичинде машыктыруучулардын, калыстардын, жаштар футболунун өкүлдөрүнүн, медициналык кызматкерлердин ортосунда тажрыйба алмашуу жана квалификацияны жогорулатуу боюнча меморандумдун долбоорун сунуштады.

Өз кезегинде Г.Гравина сунушталган Меморандумдун долбоору жакынкы аралыкта караларын жана ага кол коюуну Италиянын футбол федерациясынын Римдеги штаб-квартирасында Кыргызстандын футбол союзунун жетекчилигинин Италияга сапары менен айкалыштырууга болорун белгиледи.

Г.Гравина футболду өнүктүрүү боюнча эл аралык тажрыйба алмашуу максатында Италиянын футбол федерациясынын жетекчилигинин Кыргызстанга сапарын уюштуруу маселесин кароого даярдыгын билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK