Кыргызстандын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын Иш менен камсыз кылуу боюнча федералдык агенттигинин Эл аралык департаментинин жетекчисинин орун басары Михаэль ван де Каммен менен жолугушту

2022-жылы 13-июлда Берлин шаарында Кыргызстандын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын Иш менен камсыз кылуу боюнча федералдык агенттигинин Эл аралык департаментинин жетекчисинин орун басары Михаэль ван де Каммен менен жолугушуп, Германияда Кыргызстандын жарандарын ишке орноштуруу боюнча эки өлкөнүн ортосундагы практикалык кызматташуусун өнүктүрүү үчүн КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу үчүн немис делегациясынын Кыргызстанга боло турган алдыдагы иш сапарынын маселелери каралды.

КРнын Элчиси Өмүрбек Текебаев кыргыз тарап билим алуу, тажрыйба топтоо, квалификациясын жогорулатуу жана Кыргыз Республикасына жаңы билимдерди жана технологияларды тартуу максатында адистерди Германияга жөнөтүүгө жана ал жакта окутууга кызыкдар экендигин баса белгиледи.

Өз кезегинде Михаэль ван де Каммен германия тарап Кыргыз Республикасы менен бул жаатта узак мөөнөттүү кызматташууну илгерилетүүгө даяр экендигин белгилеп, немис тилин билүү жана дипломдорду таануу ишке орношуунун маанилүү шарты экенин баса белгиледи. Бул максатта тараптар адистерди кийин Германияда ишке орноштуруу үчүн Кыргыз Республикасында окутуунун туруктуу механизмдерин түзүү тууралуу макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK