КРнын ТИМинин 2022-жылдын 27-июлуна карата маалыматтык билдирүүсү

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигине Россия Федерациясынын аймагында дайынсыз жоголгон мекендештерди издөөгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен жарандардан кайрылуулар мезгил-мезгили менен келип турат.

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү Москва шаарынын ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте Россиянын аймагында адамдардын жүргөн жерин аныктоого багытталган биргелешкен иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Өз кезегинде Элчилик өз компетенциясынын чегинде жогоруда аталган маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнө тиешелүү жардам көрсөтүүдө.

Элчилик Кыргыз Республикасынын жарандарына дайынсыз жоголгондор тууралуу бардык маалыматты Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнө төмөнкү телефон аркылуу билдирүү өтүнүчү менен кайрылат: +7 (499) 653-87-00, +7 (926) 890-87-00.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK