2022-жылдын 4-августуна карата маалыматтык билдирүү

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин маалыматына ылайык, ушул жылдын 3-августунда Россия Федерациясынын Москва облусунун Истринский районундагы Петровское айылында жайгашкан «Озон» маркетплейсинин кампасынан өрт чыккандыгы боюнча маалыматка байланыштуу төмөндөгүлөрдү билдирет.

Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Москва облусу боюнча ыкчам штабынын маалыматы боюнча, 20 миң чарчы метр аянтты ээлеген өрт өчүрүлүп, миңден ашык адам эвакуацияланды. Ошол эле учурда жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK