Москванын Люблино районунда Кыргыз Республикасынын эки жараны каза болгондугу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 7-августунда Москванын Люблино районунда Кыргыз Республикасынын эки жараны набыт болгон каргашалуу окуяга байланыштуу төмөнкүнү билдирет.

Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Москвадагы оперативдүү штабынын маалыматына караганда, нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен оңдоо иштери жүрүп жаткан канализацияны суу каптап, үч жумушчуну суу агызып кеткен. Такталган маалыматтар боюнча кырсыктын кесепетинен Кыргыз Республикасынын 2002-жылы туулган К.уулу Б. жана 1999-жылы туулган Б.уулу К., аттуу эки жараны каза болгон.

Ишти аткарууда коопсуздук эрежелерин бузуу фактысы боюнча Россия Федерациясынын Москва шаары боюнча Башкы тергөө башкармалыгынын Тергөө комитетинин Люблино райондор аралык тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголду.

Окуя болгон жерге Элчиликтин юристи барды, Элчилик каза болгондордун жакындарын аныктоо боюнча ыкчам иштерди жүргүзүп жатат.

Бул маселе Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин көзөмөлүндө.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK