Кыргызстандын Ирандагы Элчиси Турдакун Сыдыков Тоют өнөр жай ассоциациясынын төрагасы, Мамлекеттик агроөнөр жай холдингинин жетекчиси жана Ирандын Мамлекеттик инвестициялык жана камсыздандыруу холдингинин директору менен бир катар жумушчу жолугушууларды өткөрдү

Экономикалык дипломатияны илгерилетүүнүн алкагында Тегеран шаарында Кыргызстандын Ирандагы Элчиси Турдакун Сыдыков Ирандын Тоют өнөр жай ассоциациясынын төрагасы Мажид Гадири, Ирандын Айыл чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик агроөнөр жай холдингинин башчысы Мохаммадреза Кашифи Нишабури жана Ирандын Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик камсыздандыруу жана инвестиция холдингинин директору Мохсен Ахмади менен бир катар жумушчу жолугушууларды өткөрү.

Жолугушуулардын жүрүшүндө эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү перспективалары жана Кыргыз Республикасында бөтөлкөдөгү суу өндүрүү, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү жана жыйноо, мал азыктарын өндүрүү боюнча биргелешкен ишканаларды түзүү жана келечекте экспорттоо мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Иран тараптын буурчак жана дан эгиндерин импорттоого кызыгуусун эске алуу менен ирандык агроөнөр жай холдингинин жетекчисине төө буурчакты сорттоо, жыйноо жана сатуу боюнча адистешкен Кыргыз Республикасынын бир катар ири ишканалары тууралуу маалымат берилди.

Тараптар ошондой эле Кыргызстандагы ирандык ишкерлерди, ошондой эле Кыргызстан менен Ирандын ортосунда өтүүчү товарларды камсыздандыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты, бул экспорттук-импорттук операциялардын бардык катышуучуларын күтүлбөгөн форс-мажордук жагдайлардан коргойт, инвестициялардын ишенимдүүлүгүн жана туруктуулугун камсыз кылат, ошондой эле зыяндын ордун толтурууга кепилдик берет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK