2022-жылдын 25-августуна карата маалыматтык билдирүү

Россия-казакстан мамлекеттик чек арасына жакын Саратов облусундагы «Озинки» автожолундагы өткөрүү пунктунда Кыргыз Республикасынын жарандарынын катышуусунда болгон окуя боюнча төмөндөгүлөрдү билдиребиз.

Саратов облусуна жөнөп кеткен Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин кызматкерлери Саратов облусундагы «Озинки» өткөрүү пунктунда турган айдоочулардын ортосунда автомобиль өткөрүү пунктуна кирүү тартибин сактабагандыктан чыр чыкканын аныкташкан.

Чек арадан өткөндөн кийин, Москва шаарына багыт алып, 3 автоунаа менен келе жаткан 10 жарандын жолун Саратов облусунун Ершово калктуу пунктунун аймагынан мурда жаңжалдашып кеткен жергиликтүү таксисттер тосуп алышкан. Натыйжада тартип бузгандар айдоочу менен жүргүнчүнү сабап, ошондой эле айнектерин сындырып, дөңгөлөктөрүн тешип, унаанын кузовун оюп материалдык зыян келтиришкен.

Бул факты боюнча Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренесинин 1-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголгон. Райондун укук коргоо органдары тарабынан күнөөлүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Саратов облусунун Ершов району боюнча Россиянын Ички иштер министрлигинин бөлүмүнөн алынган маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында оор жаракат алгандар жок. Баарына медициналык жардам көрсөтүлдү.

Бүгүн, 2022-жылдын 24-августунда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин кызматкерлери Саратов облусунун Ершов районунун Ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги менен тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кыргызстандын жарандары менен да жолугушту. Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги кырдаалды көзөмөлдөп жатат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK