БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында Министр Жээнбек Кулубаев Грузиянын тышкы иштер министри Илья Дарчиашвили менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү

Үстүбүздөгү жылдын 22-сентябрында Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында Министр Жээнбек Кулубаев Грузиянын тышкы иштер министри Илья Дарчиашвили менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасы менен Грузиянын ортосундагы кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Тышкы саясий ведомстволордун башчылары пикир алмашып, саясий, дипломатиялык, соода-экономикалык, социалдык-гуманитардык жана башка тармактарда эки тараптуу мамилелерди активдештирүү боюнча конкреттүү кадамдарды белгилешти. Жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу пландары талкууланды.

Тараптар кыргыз-грузин мамилелерин кеңейтүү жана ар тараптуу тереңдетүү үчүн биргелешип иштөөгө бекем ниеттерин билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Ж.Кулубаев ошондой эле маектешине кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы окуялар тууралуу маалымат берип, Кыргызстандын деэскалацияга умтулуусун жана талаш маселелерди саясий-дипломатиялык ыкмалар менен гана чечүү боюнча өзгөрүүсүз позициясын баса белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK