Санкт-Петербургдагы массалык уулануу боюнча маалыматтык билдирүү

Санкт-Петербургдагы массалык уулануу боюнча Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Санкт-Петербург шаарындагы Концеляриясынын маалыматына ылайык төмөндөгүлөрдү билдиребиз. 

Кыргыз Республикасынын 27 жараны Санкт-Петербург шаарына курулуш иштерин аткаруу үчүн Лахт-Центрге келишкен.

Россия Федерациясындагы иш берүүчү «Прайдекс» ЖЧК тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандары жатакана жана 3 маал тамак менен камсыз кылынган.

Жарандар азыркы учурда С.П.Боткин атындагы клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып жатышат. Алдын-ала маалыматтар боюнча, алардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Роспотребнадзор тарабынан текшерүү жүрүп, суунун жана тамак-аштын үлгүлөрү алынган.

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Санкт-Петербург шаарындагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери бул окуянын бардык жагдайларын такташууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK