КРнын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Япониянын КРдагы жаңы дайындалган Элчиси Хидэки Года мырзадан Ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды

2022-жылдын 28-октябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Япониянын Кыргыз Республикасындагы жаңы дайындалган Элчиси Хидэки Года мырзадан Ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун башчысы Хидэки Годаны Кыргыз Республикасындагы Элчи кызматына дайындалышы менен куттуктап, анын дипломатиялык ишмердигине ийгиликтерди каалады. Ал япон тарапка ар дайым дос катары көрсөткөн колдоосу жана Кыргызстанда ийгиликтүү ишке ашырылып жаткан долбоорлору үчүн ыраазычылык билдирди.

Тараптар эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин, экономикалык кызматташтыкты активдештирүү чараларын, анын ичинде бийик жана жогорку деңгээлдеги сапарларды жана аймактык иш-чараларды уюштуруу пландарын талкуулашты. Кыргызстанга Япониядан инвестиция тартуу маселелери боюнча пикир алмашышты.

Өз кезегинде Элчи Хидэки Года жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, өз тарабынан Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана бекемдөөгө бардык күч-аракетин жумшай тургандыгына ишендирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK