КРнын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Кыргыз Республикасынын Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктоосу

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Маалымат жана басма сөз күнү белгиленет. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жамаатынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн куттуктайм.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери коомду консолидациялоодо, улуттар ортосундагы байланышты чыңдоодо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарыну коргоодо жооптуу миссияны аткарышат. Сиздердин ишиңиздер өтө татаал жана коомдук пикирди калыптандырууда негизги таяныч болуп саналат, андыктан ишенимдүүлүк, калыстык жана натыйжалуулук мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнүн маанилүү компоненттеринин бири экени шексиз.

Сиздердин кесипкөйлүгүңүздөрдүн жана талыкпаган эмгегиңиздердин аркасында биз дүйнө жүзүндөгү акыркы актуалдуу жаңылыктарды алып турабыз. Маалыматтын объективдүүлүгү сиздердин компетенцияңыздан, өлкөдө, аймакта жана дүйнөдө болуп жаткан татаал процесстерди түшүнгөнүңүздөрдөн көз каранды.

Урматтуу достор, ушул күнү Кыргызстандын тышкы саясий ишмердүүлүгүн чагылдырууда жемиштүү кызматташууңуздар үчүн ыраазычылык билдирүүгө уруксат этиңиздер. Биз маалыматтык коопсуздук жана өлкөбүздүн эгемендүүлүгү үчүн мамлекеттик кызыкчылыктарды билгичтик менен илгерилетүүгө дагы да умтула беришибиз керек.

Сиздерге бакубатчылык жана кесиптик ишмердигиңиздерде чоң жетишкендиктерди каалайм! Сиздерге жана сиздердин жакындарыңыздарга бакыт жана ийгилик!

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK