Ашхабад шаарында КРнын делегациясы Эл аралык бейтараптык күнүнө арналган бир катар эл аралык иш-чараларга катышты

2022-жылдын 10-12-декабрында Ашхабад шаарында Кыргыз Республикасынын делегациясы Эл аралык бейтараптык күнүнө арналган бир катар эл аралык иш-чараларга катышты.

10-декабрда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Тынчтык, коопсуздук жана туруктуу өнүгүү кызыкчылыгында Бейтараптыктын достор тобунун Жогорку деңгээлдеги жолугушуусуна катышты.

Иш-чарага Борбордук Азия өлкөлөрүнүн, Азербайжандын, Ирандын тышкы иштер министрлеринин орун басарлары, БУУнун Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча аймактык борборунун жетекчиси, эл аралык жана аймактык уюмдардын эксперттери катышты.

Министрдин орун басары А.Молдогазиев өз сөзүндө БУУнун Башкы Ассамблеясынын бир добуштан кабыл алынган чечими менен колдоого алынган Түркмөнстандын бейтараптык боюнча демилгесин эл аралык деңгээлде таануу БУУга мүчө мамлекеттердин дүйнө элдеринин тынчтыкта жана ишенимдүү жанаша жашоо салтын бекемдөөгө, эл аралык мамилелерде тынчтык жана ишеним маданиятын өнүктүрүүгө бекем умтулушунун ырастоосу экенин белгиледи.

 

11-декабрда Кыргыз Республикасынын делегациясы «Диалог – тынчтыктын кепилдиги» эл аралык конференциясына катышты. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Жамиля Исаева өз сөзүндө боордош Түркмөнстанды келе жаткан майрамы – Түркмөнстандын бейтараптык күнү менен куттуктап, бейтарап статусунун аркасында Түркмөнстан эл аралык аренада өзүнүн кадыр-баркын ырастап, бүгүнкү күндө чыныгы тынчтыктын мекени болуп калганын белгиледи. Иш-чарага Борбордук Азия мамлекеттеринин делегация башчылары, бир катар эл аралык уюмдардын жана Түркмөнстанда жайгашкан дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышты.

2022-жылдын 11-декабрында министрдин орун басары А.Молдогазиев БУУнун Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча Регионалдык борбору (UNRCCA) тарабынан уюштурулган Борбордук Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын 12-жылдык жыйынына катышты.

Үстүбүздөгү жылы болуп өткөн жолугушуу Регионалдык борбордун түзүлгөндүгүнүн 15 жылдыгына арналды.

Иш-чаранын алкагында тараптар Борбордук Азияда түзүлүп жаткан кырдаалды, жаңы чакырыктардын жана коркунучтардын, анын ичинде Афганистанда орун алган окуялардын натыйжасында пайда болушун карап чыгышты, ошондой эле UNRCCAнын 2022-жылдагы ишмердүүлүгүн талкуулашып, 2023-жылга карата пландарды белгилешти.

Министрдин орун басары А.Молдогазиев өзүнүн баяндамасында үстүбүздөгү жылдын 21-июлунда Чолпон-Ата шаарында Борбордук Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү Консультативдик жолугушуусу өткөндүгүнө, анын жүрүшүндө Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын башчылары бүтүндөй аймактын туруктуу өнүгүүсүнүн негизи болгон Борбордук Азияда туруктуулукту, коопсуздукту жана этностор аралык ынтымакты камсыз кылуу үчүн жогорку жоопкерчиликти түшүнүү менен, ошондой эле аракеттерди координациялоонун зарылдыгын жана биргелешкен күч-аракеттердин маанилүүлүгүн моюнга алуу менен, аймактагы стабилдүүлүктү чыңдоо максатында XXI кылымда Борбордук Азияны өнүктүрүү үчүн достук, ынак коңшулук жана кызматташтык келишимине кол коюшканына катышуучулардын көңүлүн бурду. А.Молдогазиев тажик жана түркмөн тарапты жакынкы аралыкта Келишимге кошулууга чакырды.

Сөзүнүн уландысында А.Молдогазиев регион өлкөлөрүнүн ортосундагы чек араларды делимитациялоо процесстеринин аягына чыкпагандыгы Борбордук Азиядагы стабилдүүлүккө жана коопсуздукка потенциалдуу коркунуч жаратуучу факторлордун бири болуп саналат деп белгиледи. Ушуга байланыштуу жолугушуунун катышуучуларына кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процесси аяктагандыгы тууралуу маалымат берилди. Жакын арада Өзбекстандын Президенти Шавкат Миромонович Мирзиёевдин Кыргызстанга пландалган мамлекеттик сапарынын алкагында Мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге ратификациялык грамоталар менен алмашуу болору айтылды. А.Молдогазиев ошондой эле кесиптештеринин көңүлүн климаттын өзгөрүшүнө жана айлана-чөйрөнү коргоого байланышкан жаңы жана кайра пайда болуп жаткан коркунучтарга жана чакырыктарга көнүл бурду.

А.Молдогазиев Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактарды өнүктүрүүгө көмөктөшүү демилгеси тууралуу маалымат берди. «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттер» деп аталган демилгенин алкагында Кыргыз Республикасы туруктуу өнүгүү чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн атайын финансылык механизмдерди түзүүгө багытталган глобалдык демилгелердин кеңири спектрин алдыга коюуну пландаштырууда. Анын ичинде тоолорду өнүктүрүү, тоолуу токойлорду сактоо программаларын иштеп чыгуу жана кабыл алуу, климаттын өзгөрүшүн жумшартуу жана адаптациялоо, кырсыктардын коркунучун алдын алуу, тоо медицинасын жана фармакологияны, тоо туризмин өнүктүрүү, атайын тоо илимий жана билим берүү мекемелерин түзүү, тоо элдеринин тарыхын жана маданиятын кеңири жайылтуу, тоо коомчулуктарынын эл аралык соодага интеграциялоосун бекемдөө, алардын инновациялык жана алдыңкы технологияларга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү, тоо айыл чарбасын өнүктүрүү багыттары бар.

Афганистандагы аскердик-саясий кырдаал маселеси иш-чаранын күн тартибиндеги негизги темалардын бири болду. Тараптар Афганистандагы кырдаалды тез арада турукташтыруу боюнча позицияларын билдиришип, эл аралык коомчулукту афган элине тез арада гуманитардык жардам көрсөтүүгө чакырышты.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө Превентивдүү дипломатия академиясынын бүтүрүүчүлөрү Борбордук Азия мамлекеттеринин өкмөттөрүнө 2030-жылга чейин Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу, анын ичинде терроризмге каршы күрөшүү жана жалпы адам укуктарын сактоо маселелери боюнча кайрылуу жасашты.

 

2022-жылдын 12-декабрында Түркмөнстандын Бейтараптык күнүн майрамдоонун алкагында Кыргыз Республикасынын делегациясы Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен бирге Ашхабад шаарында жайгашкан Бейтараптык монументине гүл койду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK