КРнын Тышкы иштер министри Ж.М. Кулубаев Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Вице-президенти Дзюничи Ямада менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.М. Кулубаев 2022-жылдын 23-декабрында «Борбордук Азия+Япония» диалогунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин 9-жыйынына катышуу алкагында Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Вице-президенти Дзюничи Ямада менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан социалдык-экономикалык долбоорлордун алкагында Кыргыз Республикасы менен JICAнын учурдагы кызматташтык маселелери боюнча пикир алышты.

Тараптар санариптештирүү, жашыл экономика, айлана чөйрө, айыл чарба, саламаттыкты сактоо, социалдык камсыздоо жана коопсуздук сыяктуу артыкчылыктуу багыттар боюнча долбоорлордун ишке ашырылышын талкуулашты.

Министр Ж.Кулубаев Кыргыз Республикасынын экономикасынын туруктуу өсүшү үчүн маанилүү долбоорлорду ишке ашырып жаткан Япониянын JICA эл аралык кызматташтык агенттигинин ишмердүүлүгүн жогору баалады. Ийгиликтүү мисал катары транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү долбоорлорун, ошондой эле социалдык инфраструктураны өнүктүрүү – ооруканаларды жана мектептерди, шайлоо участкаларын жабдуулар менен камсыздоо, «Бир айыл – бир продукт» долбоорун белгиледи.

JICAнын Вице-президенти Дзюничи Ямада өз кезегинде Агенттиктин Кыргыз Республикасындагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди. Ал эки тарапка тең пайдалуу кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз тарап менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү жогору баалады.

Жолугушуунун соңунда министр Ж.Кулубаев маектешин жакын арада Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK