КР ТИМнин 2022-жылдын 26-декабрынын комментарийи

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ш.Атазовдун 2022-жылдын 26-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынындагы түшүнүксүз жана талаштуу билдирүүсүнө байланыштуу Министрлик төмөнкүлөрдү белгилейт.

Кызматка дайындалганга чейин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин ар бир кызматкери соттуулугу жоктугун аныктоо боюнча Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарында атайын текшерүүдөн өтөт. Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүнүн бардык кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүндө тиешелүү кесиптик даярдыктан өтүшөт.

Ошол эле учурда депутат Ш.Атазов КР ТИМдин тутумунун кайсы кызматкеринин соттуулугу бар экендиги тууралуу маалыматты Министрликке тактап бере алган жок.

Эгерде депутат өзүндө бар болгон тиешелүү маалыматтарды берсе, Министрлик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүзүүгө даяр.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK