Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу жаңы жылдык жарманкеге катышты

2022-жылдын 24-25-декабрында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу Екатеринбург шаарынын администрациясы жана Свердлов облустук Ишкердикти колдоо фонду тарабынан уюштурулган жаңы жылдык жарманкеге катышты, ага Екатеринбург шаарынын жетекчисинин орун басары Марина Фадеева, Ишкердикти колдоо фондунун жетекчиси Валерий Пиличев жана Азербайжан, Беларусь, Кытай, Өзбекстандын консулдук мекемелеринин өкүлдөрү катышты.

Башкы консулдуктун колдоосу менен Уралдын борборундагы ЖОЖдордо билим алып жаткан кыргызстандык студенттер жарманкеде аянтча уюштуруп, шаардын тургундарына Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле видео, мааалыматтар/брошюралар жана кыргыздын улуттук тамак-аштары жана суусундуктар көрсөтүлдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK