Минск шаарында Кыргызстан менен Беларустун тышкы саясий ведомстволорунун консультациялары болуп өттү

30-январда Минск шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев менен Беларусь Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Игорь Назаруктун төрагалыгында Кыргызстан менен Беларустун тышкы саясий ведомстволорунун консультациялары болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар бири-бирин Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттукташты.

Тараптар эки тараптуу мамилелердин бардык комплексин, ошондой эле евразия мейкиндигиндеги интеграциялык бирикмелердин жана дүйнөлүк эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнү кеңири талкуулашты.

Соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, 2022-жылы 1,5 эсеге өскөн өз ара сооданы көбөйтүү зарылчылыгы айтылды. Ошону менен бирге, бул маселеде өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын экономикалык багытын илгерилетүү үчүн негизги аянтча катары Өкмөттөр аралык комиссиянын ролу белгиленди. Тараптар Кыргызстан менен Беларустун ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда түз байланыштарды түзүү боюнча ишти улантуу, ошондой эле өнөр жай кооперациясын кеңейтүүгө көмөк көрсөтүү ниетин билдиришти.

Тараптар ЕАЭБ, ЖККУ жана КМШ алкагында өз ара аракеттенүү, БУУнун жана башка эл аралык платформалардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүү, келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү жана жаңылоо маселелерин өз-өзүнчө карашты.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү маселелери талкууланып, бул контекстте тараптар Кыргызстанда быйыл Беларустун маданият күндөрүн жана улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүүгө ар тараптуу көмөк көрсөтүү боюнча макулдашууга жетишти.

Консультациялардын жыйынтыгында Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөгө арналган Иш-чаралар планына жана 2023-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Беларусь Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы кызматташуу программасына кол коюлду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK