Кыргыз Республикасынын Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине 2023-жылы төрагалык кылуусунун Концепциясы сунушталды
2023-жылдын 31-январында Минск шаарында КМШнын Аткаруу комитетинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев Кыргыз Республикасынын 2023-жылы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине төрагалык кылуусунун Концепциясын расмий түрдө сунуштады.
Концепциянын бет ачары КМШга мүчө мамлекеттердин Шериктештиктин уставдык жана башка органдарындагы Туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн кеңешинин 2023-жылдагы биринчи отурумунун алкагында өттү.
А.Исаев КРдин төрагалыгынын артыкчылыктуу багыттарына, анын ичинде экологиялык жана климаттык маселелер боюнча КМШда, ошондой эле соода-экономикалык, отун-энергетика жана транспорт тармагындагы кызматташууга токтолду.
Мындан тышкары, А.Исаев өнөктөштөрдү көрүнүктүү жазуучу Ч.Айтматовдун 95 жылдык мааракесине карата КМШнын сайтында белгилөөгө пландалган тематикалык иш-чараларды колдоого жана активдүү катышууга чакырды.