КР ТИМнин 2023-жылдын 7-февралына карата маалыматтык билдирүүсү

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Бишкек убактысы боюнча саат 10:00гө карата алынган алдын ала маалыматтар боюнча, Түркиядагы жер титирөөнүн жыйынтыгында каза болгондордун арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок экенин билдирет.

Адана шаарында 1984-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны А.Т. жабыр тарткан, ага ооруканада керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөн. Бул жарандын абалы канааттандырарлык; учурда ал ооруканадан чыгарылды.

Анталья шаарындагы Башкы консулдуктун кызматкерлери тарабынан Адана шаарындагы КРдын 10 жаранына азык-түлүк, суу, жылуу кийим жана жууркан түрүндө жардам көрсөтүлүп, ысык тамак берилип, алар коопсуз жерге жайгаштырылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK