Кыргызстандык ишкерлер "Продекспо-2023" эл аралык көргөзмөсүнө катышууда

Ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукциясын илгерилетүү максатында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги 2023-жылдын 6-февралынан 10-февралына чейин Москвада өтүп жаткан «Продекспо- 2023» 30-юбилейлик эл аралык азык-түлүк көргөзмөсүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук стендин ачууну жана Кыргыз Республикасынын ишкерлеринин катышуусун демилгелеген. Көргөзмөгө Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын, Кыргыз Республикасынын Агроөнөр жай комплексинин ишканалар ассоциациясынын мүчөлөрүнүн ичинен 10го жакын кыргызстандык экспорттоочу компаниялар катышып жатат.

Көргөзмө экспозициясында Кыргызстандан жогорку сапаттагы органикалык кургатылган жемиштер, жаңгактар, ар кандай жашылчалар, мөмө-жемиштер, кургатылган мөмө-жемиштер, төө буурчак жана башка азыктар кеңири коюлду. 

«Продекспо- 2023» көргөзмөсүнүн ачылыш аземине КР Соода-өнөр жай палатасынын «Кыргызэкспоборборунун» жетекчиси Н.А.Султанов, КР Соода-өнөр жай палатасынын Москва шаарындагы өкүлү Тумасов М.И катышты. 

Маалымат катары: «Продэкспо» – Россиядагы жана Чыгыш Европадагы эң ири эл аралык тамак-аш жана суусундук көргөзмөсү. Быйыл ага 35 өлкөдөн 2 миңден ашык компания катышууда. «Продэкспо - 2023»   дүйнө жүзү боюнча алдыңкы өндүрүүчүлөрдүн жана жеткирүүчүлөрдүн тамак-аш жана суусундуктардын мыкты үлгүлөрүн тартуулайт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK