Кыргызстандын Кувейттеги Элчиси Азамат Карагулов КАЭӨФтүн Башкы директорунун м.а. Валид Шамлан Аль-Бахар менен жолугушту 

2023-жылдын 6-февралында Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азамат Карагулов Кувейттин Араб Экономикалык Өнүктүрүү Фондунун (КАЭӨФ) Башкы директорунун милдетин аткаруучу Валид Шамлан Аль-Бахар менен жолугушуп, кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана Кувейт фонду менен биргеликте Кыргыз Республикасында ишке ашырылып жаткан жол куруу, энергетика жана инфраструктураны өнүктүрүү жаатындагы социалдык-экономикалык долбоорлорду талкуулады. 

Элчи А.Карагулов маектешине жемиштүү иши үчүн жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экендигине ыраазычылык билдирип, өз ара пайдалуу долбоорлорду мындан ары ишке ашырууда керектүү жардам көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

В.Аль-Бахар мырза тараптардын узак мөөнөттүү кызматташуусунун жыйынтыктарын жогору баалап, Кыргызстан Кувейт фондунун ишенимдүү өнөктөшү экенин баса белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар кызматташтыкты өнүктүрүүнүн мындан аркы кадамдарын белгилешип, дайыма байланышта болууну макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK