КР ТИМнин 2023-жылдын 8-февралына карата маалыматтык билдирүүсү

Түркияда болгон жер титирөөлөргө байланыштуу 2023-жылдын 8-февралында саат 12:00гө карата алынган маалымат боюнча каза болгондордун арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок.

Учурда Элчилик жана Кыргыз Республикасынын Анталия менен Стамбул шаарларындагы Башкы консулдуктары Түркиянын бийликтери менен мекендештер арасында мүмкүн болгон каза болгондорду жана жабыркагандарды тактоо иштерин улантууда.

Ошондой эле жапа чеккен облустарда кыргызстандык дипломаттар кыргызстандык студент-активисттер менен биргеликте Кыргыз Республикасынын муктаж жарандарына керектүү жардам жана колдоо көрсөтүүдө. Кыргызстандын сегиз жараны Адана, Кахраманмараш жана Османие шаарларынан коопсуз жайларга эвакуацияланды. Малатияда Кыргыз Республикасынын тогуз жаранына, анын ичинде эки балага жана бир кош бойлуу аялга жардам көрсөтүлдү. Убактылуу жашаган жерлерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына жылуу кийим-кече, жууркан-төшөк, суу жана тамак-аш берилди. Кырсык болгон аймакта коммуникация, интернет жана электр энергиясындагы техникалык көйгөйлөрдөн улам иш жүргүзү татаал бойдон калууда.

Анкара жана Стамбул шаарларында жабыр тарткан Кыргызстандын жана Түркиянын жарандары үчүн гуманитардык жардамды кабыл алуу пункттары ачылды. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулар тобу Газиантеп облусунда куткаруу иштерин баштады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK