КР жарандарын Түркиядан эвакуацияланышы жөнүндө

2023-жылдын 9-февралында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Түркиядагы чет өлкөлүк мекемелери Түркиядагы жер титирөө болгон аймактан Кыргыз Республикасынын 22 жаранын эвакуациялоону уюштурган.

Кыргыз Республикасынын жарандарын Казакстан Республикасынын Астанага атайын рейсинин бортунда алып барышып, аларды Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы элчилигинин кызматкерлери тосуп алышты. Эвакуацияланган мекендештер үчүн Астана аэропортунда кыргыз диаспорасынын катышуусунда ысык тамак уюштурулду.

Учурда аларды Кыргыз Республикасына кургакта жүрүүчү транспорту менен жөнөтүү маселеси иштелип чыкты. Ошол эле учурда ымыркайлуу жаран үчүн Бишкекке аба каттамы уюштурулган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK