Кыргыз жарандарын Түркиядан кезектеги эвакуацияланышы жөнүндө

2023-жылдын 9-февралында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Түркиядагы дипломатиялык мекемелерин көмөгү менен Газиантеп шаарынан Кыргыз Республикасынын алты жараны эвакуацияланды.

Кыргыз Республикасынын жарандары Өзбекстан Республикасынын атайын учагы менен Ташкентке учуп чыгышты жана аларды Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилигинин кызматкерлери тосуп алышат.

Ташкентке келгенден кийин Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилиги алардын мекенине кайтып келүүсүнө көмөк көрсөтөт.

Ошол эле учурда министрлик жана Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы дипломатиялык мекемелери кырсык болгон аймактагы жарандарды эвакуациялоо жана жардам көрсөтүү иштерин улантууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK