КР ТИМнин 2023-жылдын 9-февралына карата маалыматтык билдирүүсү

2023-жылдын 9-февралында саат 07:43-тө Новосибирск шаарынын Линейная көчөсүндө жайгашкан №39 турак жайда (5 кабаттуу үй, 1974-жылы курулган) газ жарылган.

Анын кесепетинен ижарага алынган батирде жашаган Кыргыз Республикасынын эки жараны – 1993-жылдын 23-февралында туулган А. уулу Т. жана 1978-жылдын 27-ноябрында туулган А.А.К. жабыркаган.

Кыргыз Республикасынын жараны А.уулу Т. газга ууланган; абалы орто деп бааланып, Новосибирск шаарындагы 34-шаардык оорукананын токсикология бөлүмүнө жаткырылган.

Кыргыз Республикасынын жараны А.А.К. омурткасы сынган Я.Л.Цивян атындагы Новосибирск шаарынын травматология жана ортопедия илим-изилдөө институтуна жаткырылып, ага операция жасалган.

Үстүбүздөгү жылдын 9-февралында саат 18:00-гө карата каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандары тууралуу маалымат жок. Ошол эле учурда жүрүп жаткан издөө-куткаруу иштерине байланыштуу жабыркагандар жана каза болгондордун саны боюнча маалыматтар толукталууда.

Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу А.А.Айдарбеков ушул жылдын 9-февралында А.А.К. Кыргыз Республикасынын жаранына жолугуп, травматология ооруканасынын дарылоочу дарыгери менен Кыргыз Республикасынын жаранына медициналык жардам көрсөтүү боюнча баарлашкан.

Ошондой эле, КР Башкы консулдугунун кызматкерлери жардыруу болгон жерге барышып, Россия Федерациясынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана РФнын Тергөө комитетинин кызматкерлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Бул маселени КР Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу көзөмөлүндө кармап турат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK