Россия Федерациясында Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштер жөнүндө

2023-жылдын февраль айында Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында консулдук багытта иш жүргүзүү боюнча дипломатиялык өкүлчүлүк Канцеляриялар менен биргеликте кыргызстандыктардын катышуусунда окуя болгон жерлерге 38ден ашык сапарлар ишке ашырылды. Ал жерлерде Россия Федерациясынын компетенттүү органдарынын жетекчилиги/өкүлдөрү менен жолугушуулар жүргүзүлдү.

Элчилик укук коргоо иштеринин жыйынтыгы боюнча Россия Федерациясынын укук коргоо органдары тарабынан Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамдарын бузгандыгы үчүн кармалган 49 кыргызстандыкты жоопкерчиликтен бошотуу (же жеңилдетүү) маселесин оң жагына чечти, ошондой эле консулдук кызматкерлердин жардамы менен 2 жаранга карата Россия Федерациясынын чегинен административдик чыгаруу жөнүндө соттун чечимдери жана 2 кыргызстандыкка карата Россия Федерациясынын аймагында болууну каалабагандыгы жөнүндө Россия Федерациясынын компетенттүү органдарынын чечимдери жокко чыгарылды. Жеке кабыл алуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын 1182 жаранына юридикалык жардам көрсөтүлдү, ошондой эле 78 кыргызстандыкка Россия Федерациясынын сот органдарына сот актыларына апелляциялык (кассациялык) даттанууларды жана башка кайрылууларды даярдоого көмөк көрсөтүлдү.

Дипломатиялык өкүлчүлүк тарабынан Россия Федерациясынын аймагында мыйзамдуу өкүлдөрүнүн камкордугусуз калган жашы жете элек 4 Кыргыз Республикасынын жаранын өз мекенине кайтаруу жол-жобосун ишке ашырууда документтештирүү жагынан көмөк көрсөтүлдү.

2023-жылдын февраль айы ичинде Бурятия Республикасынын, ХМАО-Югра, Волгоград, Иркутск, Смоленск облустарынын жаза-аткаруу тутумунун мекемелерине консулдук баруулар ишке ашырылып, Россия Федерациясынын аймагында жазасын өтөп жаткан Кыргыз Республикасынын 28 жараны менен жолугушуулар өткөрүлдү. Ошондой эле кылмыш иштеринин алкагында кармалган Москва, Волгоград жана Смоленск облустарындагы тергөө абактарында отурган 29 мекендешке жолугушуу болду.

Элчилик Канцелярия менен биргеликте Россия Федерациясынын аймагында каза болгон 7 Кыргыз Республикасынын жаранынын сөөгүн мекенине алып келүүгө консулдук-укуктук жардам көрсөттү.

Түшүндүрүү иштеринин алкагында кыргыз диаспора бирикмелеринин активисттери менен 8 жолугушуу өткөрүлдү, ишеним телефондору жана социалдык тармактар аркылуу 7750 адам консультация алып, чат-бот аркылуу 1352 жаранга керектүү маалымат берилди, консулдук багыт боюнча 5 маалыматтык билдирүү Элчиликтин сайтына жарыяланды.

2023-жылдын февраль айында Элчилик Канцелярия менен биргеликте 8 647 консулдук иш-чараны ишке ашырды, анын ичинен 6 584 консулдук кызмат көрсөтүүлөр.

Дипломатиялык өкүлчүлүк Россия Федерациясынын аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына ар тараптуу жардам көрсөтүүгө багытталган иштерин улантат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK