5-март - Куралсыздануу жана жайылтпоо маселелери боюнча эл аралык маалымдоо күнү

2023-жылдын 5-марты күнү бүткүл дүйнө жүзүндө Кыргыз Республикасынын демилгеси менен 2022-жылдын 7-декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан жарыяланган Куралсыздануу жана жайылтпоо маселелери боюнча эл аралык маалымдоо күнү белгиленди.

Кыргыз Республикасы тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоо, элдин жыргалчылыгы үчүн куралдуу кагылыштарды болтурбоо жана токтотуу, ошондой эле коомчулуктун, өзгөчө жаштардын куралсыздануу маселелери боюнча маалымдуулугун жана түшүнүгүн жогорулатуу маселелерине чоң көңүл бурат.

Эл аралык күндү жыл сайын белгилөө түшүндүрүү иштерин активдештирүү жана куралсыздануу жана жайылтпоо маселелерин ар кандай деңгээлдеги улуттук билим берүү программаларына киргизүү үчүн позитивдүү дем берет.

Эл аралык күндүн маанилүүлүгүн эске алуу менен жана резолюциянын жоболорун практикалык ишке ашыруу максатында 2023-жылдын 1-мартында Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмунун алдындагы Нью-Йорктогу Туруктуу өкүлчүлүгү БУУнун куралсыздануу иштери боюнча бөлүмү менен бирдикте, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, БУУнун Башкы Ассамблеясынын Төрагасы Чаб Кёрёши, БУУнун Башкы катчысынын орун басары, куралсыздануу маселелери боюнча Жогорку өкүл Изуми Накамитцунун катышуусунда онлайн иш-чара уюштурду.

2023-жылдын 15-мартында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ЕККУнун Бишкектеги Академиясы менен биргеликте Куралсыздануу жана жайылтпоо боюнча маалымдуулуктун эл аралык күнүнө карата видеоконференция форматында ачык лекция өткөрөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK