Ведомстволор аралык жыйындын күн тартибинде Кыргызстандын түштүк аймактарын өнүктүрүү: инвестиция, экспорт жана туризм

2023-жылдын 6-мартында КРнын ТИМнин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана КРнын ТИМнин Экономикалык дипломатия департаментинин демилгелери менен жана Ош шаарынын катышуусунда Кыргызстандын түштүк аймактарына инвестиция тартуу, экспорттук жана туристтик потенциалын илгерилетүү жаатында кызматташуу маселелерин талкуулоо максатында ведомстволор аралык видео-конференц-байланыш жыйыны өттү.

Аталган иш-чарага КРнын Президентинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн экономика жана инвестициядан жооптуу орун басарлары, Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, ошондой эле КРнын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелеринин кызматкерлери катышышты.

КРнын түштүк аймактарынын өкүлдөрү өзүлөрүнүн экономикалык, туристтик жана инвестициялык потенциалдары боюнча маалымат беришти. Ошондой эле, жыйындын катышуучулары аталган иш-чаранын алкагында инвестициялык долбоорлордун сапатын жакшыртуу, эл аралык соода-экономикалык иш-чараларды уюштурууну, ошондой эле мамлекеттик органдар менен КРнын чет өлкөлөрдөгү мекемелери арасында кызматташууну жакшыртуу маселелерин карашышты.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча  катышуучулар КРнын чет мамлекеттердеги өкүлчүлүктөрүнө тийешелүү аймактарда өндүрүлгөн экспорттук продукциялар жана Кыргызстандын түштүк облустарында ишке ашырууга мүмкүн боло турган инвестициялык долбоорлор боюнча маалыматтарды ар дайым жөнөтүп туруу боюнча макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK