Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Элчилиги Сегед университети менен биргеликте “Климаттын өзгөрүшү, жаратылыш кырсыктары жана анын кесепеттерин жоюу” аталышында илимий конференция өткөрдү

2023-жылдын 23-24-мартында Мажарстандын Сегед шаарында, Кыргыз Республикасынын Мажарстандагы Элчилиги Сегед университети менен биргеликте “Климаттын өзгөрүшү, жаратылыш кырсыктары жана анын кесепеттерин жоюу” аталышында илимий конференция өткөрдү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын, Италиянын, Германиянын, АКШнын, Румыниянын, Сербиянын жана башка өлкөлөрдүн илимий өкүлдөрү катышышты.

Кыргыз Республикасынын Мажарстандагы элчиси Талантбек Кушчубеков өз сөзүндө, климаттын өзгөрүү коркунучу критикалык деңгээлге жетип, тоо экосистемаларына да коркунуч жаратып жаткандыгын баса белгиледи. Конференциянын жүрүшүндө элчи, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун демилгеси менен 2022-жылдын декабрь айында БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан “Тоолорду туруктуу өнүктүрүү” боюнча  резолюция кабыл алынгандыгын жана анын алкагында 2023-2027-жылдары  “Тоолуу аймактарды өнүктүрүүгө арналган  иш-аракеттердин беш жылдыгы” деп жарыялангандыгын билдирди. Т.Кушчубеков: “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча токтомдун кабыл алынышы, Кыргыз Республикасынын  тоолуу мамлекеттердин кызыкчылыгын өнүктүрүүсү жана бул маселе боюнча өзүнүн алдыңкы позициядагы ишмердүүлүк көрсөтүүсүнүн көп жылдык натыйжасы”, - деп билдирди.

Иш-чарада конференциянын катышуучулары климаттын өзгөрүшү, табигый кырсыктар жана алардын кесепеттерин жоюу темасы боюнча докладдарды жасашты. Кыргызстан тараптан, БААУнун  геология, экологиялык туруктуулук жана климатология кафедрасынын башчысы С.Орунбаев видеоконференция аркылуу катышып, “Суу ресурстарынын жана инфраструктуралардын мониторингин, зондду жерден жана аралыктан колдонуу аркылуу жүргүзүү” темасында доклад жасады.

Активдүү талкуу жана дебат форматында коштолгон конференцияда, иш-чарага катышкан өлкөлөрдүн академиялык өкүлдөрү өз-ара пикирлерин алмашышып, мындан ары да кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK