КРнын Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев белгилүү австриялык дипломат, Кыргыз-Австрия достук коомунун жетекчиси, Австриянын Европа саясаты жана коопсуздук саясаты институтунун Кеңешинин мүчөсү Мартин Сайдикти кабыл алды

2023-жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.М.Кулубаев белгилүү австриялык дипломат, Кыргыз-Австрия достук коомунун жетекчиси, Австриянын Европа саясаты жана коопсуздук саясаты институтунун Кеңешинин мүчөсү Мартин Сайдикти кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө КР Тышкы иштер министри Ж.М.Кулубаев өткөн жылы Кыргыз Республикасы менен Австриянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы болгондугун белгилеп, М.Сайдиктин эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Австриянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты, анын ичинде бийик жана жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу аркылуу мындан ары да чыңдоонун жана кеңейтүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Өз кезегинде, Мартин Сайдик Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.М.Кулубаевге Австриянын Европа саясаты жана коопсуздук саясаты институтунун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди.

Тараптар ошондой эле эл аралык жана регионалдык күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK