КРдин Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Казакстан Республикасынын жаңыдан дайындалган Премьер-Министринин орун басары – Тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу менен телефон аркылуу сүйлөштү
2023-жылдын 3-апрелинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Казакстан Республикасынын жаңыдан дайындалган Премьер-Министринин орун басары – Тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Кыргыз Республикасынын Тышкы саясат ведомствонун башчысы Ж.Кулубаев М.Нуртлеуну Казакстан Республикасынын Премьер-Министринин орун басары – Тышкы Иштер Министринин жогорку кызматына келиши менен куттуктады.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-казак мамилелеринин күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулап, пикир алмашып, эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуу форматтарында мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечегин белгилешти.