КРдин 2023-жылдын 13-апрелине карата маалымат билдирүүсү

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 2023-жылдын 12-апрелинде бир катар массалык маалымат каражаттарында жарыяланган маалыматка байланыштуу төмөндөгүлөрдү билдирет.

2023-жылдын 28-февралында Ирактын түрмөлөрүндө жазасын өтөп жаткан Кыргыз Республикасынын эки жараны Ирак Республикасынан репатриацияланган.

2021-жылдын 16-мартында «Мээрим» гуманитардык миссиясынын алкагында Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын тиешелүү компетенттүү органдары менен биргеликте Ирак Республикасынан 79 кыргызстандык бала мекенине кайтарылган.

Учурда Ирактын түрмөлөрүндө Ирак Республикасынын сот органдары тарабынан “Ирактын аймагында террордук ишмердүүлүккө катышкан” деген айып менен соттолгон Кыргыз Республикасынын 41 жараны кармалып турат.

Аларды бошотуу жана мекенине кайтаруу максатында КРнын Тышкы иштер министрлиги тарабынан комплекстүү иштер жүргүзүлүүдө.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK