Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев ФАОнун Борбордук Азия, Түркия жана Азербайжан боюнча субрегионалдык координатору Виорел Гуту менен жолугушту

2023-жылдын 13-апрелинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Борбордук Азия, Түркия жана Азербайжан боюнча субрегионалдык координатору Виорел Гуту менен жолугушту.

Жолугушуу 50 миллион АКШ доллары суммасына «Кыргыз Республикасындагы токойлоруна жана жайыттарына инвестициялоо аркылуу көмүр кычкылтектин секвестрациялоосу» долбоорунун башталышы жана анын өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө кошкон салымын белгилөө максатында өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Виорел Гуцу ФАОнун Кыргызстан менен эки тараптуу кызматташуусу Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн түрдүү долбоорлорду ишке ашырууда жакшы үлгү экенин айтты. Ал азык-түлүк коопсуздугу, айыл чарбаны өнүктүрүү жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ФАОнун аймактык долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын активдүү катышуусун белгиледи. Виорел Гуцу ошондой эле кызматташтыкты тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, ФАО менен Кыргыз Республикасынын ортосунда Уюмдун Өкүлчүлүгүнүн статусун өлкөдө мындан ары бекемдөө боюнча келишим түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады, бул дагы эффективдүү иштөөгө мүмкүндүк берет.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев жогоруда аталган багыттар боюнча кыргыз тарапка көмөк көрсөтүү боюнча ФАОнун иш-аракеттеринин маанилүүлүгүн оң белгиледи. Ал Кыргыз Республикасынын эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырастады, ошондой эле ФАОнун субрегионалдык координатору Виорел Гуцунун келишим түзүү сунушун оң белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK