Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев КМШнын Башкы катчысы Сергей Лебедев менен жолугушту

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Тышкы иштер министрлер кеңешинин отурумуна даярдык көрүү алкагында 2023-жылдын 13-апрелинде Самарканд шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев КМШнын Башкы катчысы Сергей Лебедев менен жолугушту.

КР ТИМинин башчысы Ж.Кулубаев Башкы катчы С.Лебедевге кыргыз тараптын демилгесин колдогондугу жана Беларусь Республикасынын Минск шаарында көчөт отургузуу акциясына, ошондой эле залкар кыргыз жазуучусунун атындагы паркта Ч.Айтматовдун 95 жылдыгынын урматына Клён аллеясын курууга катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле Шериктештикте кыргыз тараптын төрагалыгынын астында өтө турган алдыдагы иш-чараны өткөрүү маселелери талкууланды. Мындан тышкары тараптар 2023-жылы Кыргыз Республикасынын КМШда төрагалык кылуу концепциясын ишке ашыруу үчүн тармактык органдардын кызматташтыгын жигерлентүү зарылдыгын белгилешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK